Кыргыз-казак чек арасында индустриалдык соода-логистикалык комплексин курууга капсула салынды

Ак-Тилек

26-майда кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" жана "Кара-Суу" автожол өткөрмө бекеттеринин аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин курууга капсула салынды.

Капсула салуу аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын вице-премьер-министри — соода жана интеграция министри Бахыт Султанов катышты. Президент Садыр Жапаров менен Казакстан мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев иш-чарага видеотасма аркылуу байкоо салышты.

"Аталган индустриалдык соода-логистикалык комплекстин базасында сүт азыктарын өндүрүү, жер-жемиш жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүү, консерваланган төө буурчакты чыгаруу, этти кайра иштетүү, бээнин сүтүнөн капсула түрүндө жасалган биоактивдүү кошумчаларды жана фармецевтикалык препараттарды, кийим-кечелерди жана башкаларды чыгаруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда", - деп айтылат президенттин администрациясы тараткан маалыматта.

Дагы караңыз Кыргыз-казак алакасы: суу-энергетика, экономика, инвестиция

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери Кыргызстанга расмий сапар менен келген алгачкы чет өлкөлүк мамлекет башчы болуп калды.

Ал 27-майда Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышат.

Бишкектеги жыйын видеоконференция форматында өтөт. Өткөн аптада ага Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган бир катар өлкөлөрдүн башчылары келбей калганы белгилүү болгон. (МТа)

Дагы караңыз

Окуучу кызды сабаган мугалим жумуштан кетүү тууралуу арыз жаздыУйгу-туйгу доордо эске түшкөн улуттук наркМолдованын экс-президенти мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталуудаУКМК: Жумгал райондук соттун судьясына кылмыш иши козголду