Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:26

Окуучу кызды сабаган мугалим жумуштан кетүү тууралуу арыз жазды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Социалдык тармактарда тараган видеодо окуучуну ур токмокко алып жаткан мугалим жумуштан кетүү тууралуу арыз жазганын Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов "Азаттыкка" билдирди.

Анын билдиришинче, мугалимди жумуштан кетирүү боюнча чечим чыга элек.

25-майда сабак учурунда мугалимдин окуучуну сабаган видеосу интернетке тараган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул боюнча териштирүү башталганын билдирген.

Окуя 23-майда Сузак районунун Сафаровка айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепте болгону айтылат. Информатика сабагынан берген 1987-жылы туулган мугалим 7-класстын окуучусун сабап койгону аныкталган.

"Мугалим 7-класстын окуучусу Д.Х. менен өзүнүн кызы К.А. өз ара сөз талашып, айтышып кеткен учурда, сабакта тынч отуруусун талап кылып эскерткен. Окуучу Д.Х. орой сүйлөгөндүктөн, ачууга алдырып, тарбиялык мааниде уруп жибергенин айткан. Белгилей кетүүчү жагдай, социалдык тармакта видеонун толук варианты берилбей, мугалимдин окуучуну уруп жаткан жери эле көрсөтүлүп калган. Текшерүүнүн жүрүшүндө толук видео алынып, анда окуучу мугалим менен кайым айтышып, кол көтөрүүгө себепкер болгону такталган”, - деп айтылат милиция тараткан маалыматта.

Аталган факты боюнча толук жана объективдүү текшерүү максатында, атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча окуу жайдагы мугалим жана мектеп окуучулары суралып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда буга чейин да мугалим окуучуга кол көтөрүп, иштен кеткен окуялар катталган. (TB\JsA)

XS
SM
MD
LG