Украинадагы согушка байланыштуу Венгрия өзгөчө абал жарыялады

Виктор Орбандын Владимир Путин менен жолуккан учуру.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан өлкөдө өзгөчө абал жарыялады. Ал мунун себебин коңшу Украинада уланып жаткан согуштук абалга байланыштуу жаралып жаткан экономикалык көйгөйлөр менен байланыштырды.

AFP басылмасы кабарлагандай, Венгрияда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими шейшемби күнү аяктады.

“Дүйнө экономикалык кризистин алдында турат. Венгрия өз жарандарын согуштан жана финансылык коопсуздуктан коргошу керек”, - деп жазды Орбан Фейсбуктагы постунда. Ал бул үчүн “чукул чараларды көрүүгө” мүмкүнчүлүктөр керектигин белгиледи.

Венгриянын Жарандык эркиндиктер бирикмеси премьердин бул аракетин айыптап, “өзгөчө абал мындан ары дайым сакталып кала берерин” сындап чыкты. Уюм мындай кадам Орбанга “адаттан тыш каалаган нерсесин жасай берүүгө мүмкүнчүлүк берерин”, “ар бир адамдын фундаменталдык укуктарын чектөөгө же таптакыр токтотууга” уруксат берип коёрун белгиледи.

Шейшемби күнү Виктор Орбан Европа Кеңешинин төрагасы Шарл Мишелге жазган каты тууралуу да белгилүү болду. Анда мажар премьер-министри анын өлкөсүн орус мунайына эмбарго киргизүүгө азырынча эч ким ынандыра албаганын, ошондуктан бул маселени Европа Биримдигинин келерки саммитине алып чыгуу өзүн актабай турганын маалымдаган.

Евробиримдиктин жана НАТОнун курамына кирген Венгрияда Виктор Орбан 12 жылдан бери бийликте олтурат. Өлкөнүн Батыштагы өнөктөштөрү буга чейин анын өз ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткенин жана демократиялык принциптерден оолактап кеткенин айтып чыгышкан. Орбандын өзүн жана анын партиясын Орусиянын президенти Владимир Путин менен ымалалаш мамиледе болгонуна, коррупция, авторитаризм жана экономикалык популизмге ыктайт деп айыпташат. (ErN)

Дагы караңыз

Орусия билим берүүдө Болон системасынан чыгуу планын жарыяладыЖК: "Илбирстин" аскерлеринин тасмасын прокуратура иликтеши керектиги айтылды (видео)Кыздардын көз жаздымдагы турмушун көрсөткөн Нарын театры Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда жүргүнчү ташыган темир жол каттамы жанданат