Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Орусия билим берүүдө Болон системасынан чыгуу планын жарыялады


Орусиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков
Орусиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков

Орусиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков өлкөнү Болон системасынан чыгаруу пландалып жатканын жарыялады. Анын айтымында, Орусия өзүнүн жеке түзүмүн иштеп чыгат.

“Болон системасына басып өткөн этап катары мамиле кылыш керек. Келечек биздин өзүбүздүн уникалдуу билим берүү системасында, анын негизин улуттук экономиканын кызыкчылыктары жана ар бир студентке максималдуу мүмкүнчүлүктөр түзүшү керек”,- деди ал «Коммерсантъ» басылмасына курган маегинде.

Медиа белгилегендей, акыркы мезгилде Батыш менен тирештин фонунда Болон системасынан баш тартууну жактагандар арбып баратат.

Бул жөнүндө 24-майда Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев да кабарлаган. Мурдараак Мамдуманын вице-спикери Петр Толстой, палатанын Илим жана жогорку билим берүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Олег Смолин, мурдагы билим берүү министри, Орусиянын билим берүү академиясынын президенти Ольга Васильева, Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий да ушундай сунуш менен чыгышкан.

Москванын Украинага кол салуусуна байланыштуу Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын фонунда мартта Юристтер ассоциациясынын жетекчиси Сергей Степашин Орусиянын Болон процессине кошулушу өзүн актабаганын айтып чыккан. Илим жана жогорку билим берүү министрлиги анда Орусияда бул системадан чыгуу планын жоктугун кабарлаган.

Болон системасы же Болон процесси алгач Европа биримдигиндеги өлкөлөр кабыл алган билим берүү формасы. Ал 1999-жылы Италиянын Болонья шаарындагы Болон университетинде негизделгени үчүн ушундай аталып калган.

Болон процесси учурда 48 мамлекетте бар, Европа комиссиясын кошкондо 49 тарап катышуучу болуп саналат. Орусия ага 2003-жылы, Казакстан 2010-жылы, Кыргызстан 2012-жылы кошулган. Мында биринчи кезекте билим берүү программаларын шайкеш келтирүү, экинчи кезекте эки деңгээлдүү билим берүү системасы – бакалавриат (4 жыл) жана магистратура (2 жыл) каралат. (ErN)

XS
SM
MD
LG