Блогер Гүлзат Мамытбек камактан чыкты

Гүлзат Мамытбек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту коомчулукка Гүлзат Мамытбек деген ат менен таанымал блогер Гүлзат Алымкулованы "Алдамчылык" беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратылганын билдирди.

Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде үч жылдык пробациялык көзөмөл колдонулуп, абакка кесилген жазасынан бошотулган.

Ал 2021-жылы 25-октябрда Кыргызстанга кайтып келгенде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Милициянын маалыматы боюнча, ага каршы арыз менен Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жети адам кайрылып, жалпысынан андан 110 миң долларлык зыян тартканын айтышкан. (МТа)

Дагы караңыз

Баткендеги ички көзөмөл жайлардан дыйкандар кыйналып жатканы айтылдыДепутат Малиев Кумтөрдүн кирешесинен Нарынга акча берүүгө каршы чыкты (видео)Ош: 18 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып эки жаран кармалдыЫсык-Көлдө жыл башынан бери 100 мыйзамсыз аңчылыктын бети ачылды