ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери онлайн жыйын курду

ЖККУ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туулары.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери 24-майда видео байланыш аркылуу жыйын курду. Кыргызстанда Коргоо министрлиги анда ймактагы жамааттык коопсуздукка байланыштуу маселелер жана 2013-жылдагы иш-чаралар талкууланганын кабарлады.

Өткөн аптада Ички иштер министрлиги Бишкекте (ЖККУнун "Кобальт-2022" атайын тактикалык машыгууларына даярдык көрүү боюнча штабдык сүйлөшүүлөр башталганын билдирген. Бул машыгуу ушул жылдын август айында Ысык-Көлдө өтөт.

Москвада 16-майда ЖККУнун 30 жылдыгына арналган жыйын өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышкан. Аталган уюм 1992-жылы негизделген жана алты өлкө: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

Дагы караңыз

Пионерликти даңазалоонун максаты эмне? Иманов-Ширшов тандеминин төркүнү кайда? Казак бийлигин сындаган активисттин жазасы жеңилдедиУкраинадагы согушка үч ай: өлкө чыгышы үчүн кармашМосквада сабалган кыз, милдетин унуткан ата-эне