Оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймылы" Билим берүү министрлигинин мектептерде пионер кыймылынын 100 жылдыгын белгилөөгө тапшырма бергенин айыптаган билдирүү таратты.
Анда министрликтин көрсөтмөсү менен Кыргызстандын мыйзамдарын, кандайдыр бир социалдык топтун артыкчылыктарын пропагандалоого тыюу салган Конституциянын беренеси одоно бузулганы айтылат.
"Бүткүл союздук пионер уюму өзүнүн маңызы жана максаты боюнча советтик идеологиянын жана пропаганданын бөлүгү болгондугун эске салабыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Оппозициялык кыймыл тез арада тиешелүү чара көрүп, күнөөлүүлөрдү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартууну суранган.
24-майда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мектептерде пионер кыймылынын 100 жылдыгын белгилөө тапшырмасына байланыштуу түшүндүрмө берди. Анда бул уюмдун мааракесин өткөрүү сунушу менен мамлекеттик катчыга (Сүйүнбек Касмамбетовго) коомдук ишмер Жаңыл Түмөнбаева кайрылганын, ошонун негизинде телефонограмма жөнөткөнүн билдирген.
Мунун алдында социалдык тармактарга аталган министрликтин мааракеге байланыштуу иш-чараларды уюштуруп өткөрүү тууралуу телефонограммасынын сүрөтү жарыяланган. Анда бул иш-чаралар "балдарды руханий-нравалык жактан тарбиялап, саламаттыгы үчүн зарыл" экени жазылган. Документке билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова кол койгон.
Өткөн аптада пионерлер кыймылынын 100 жылдыгына карата Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылындагы мектепке Владимир Ильич Лениндин бюсту коюлуп, ал шаан-шөкөт менен ачылганы талаш-талкуу жараткан. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов бул окуяны "өзүм билемдик" катары сыпаттап, атайын комиссия иликтеп чыгарын билдирген.
Мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн баарында пионердик кыймылдар болуп, ал жаш муунду Коммунисттик партияга берилген духта тарбиялоо милдетин аткарган. 1922-жылы уюшулган пионер кыймылына ар бир советтик окуучу 9 жашынан 14 жашка чейин милдеттүү түрдө мүчө болуп, кызыл жагоо тагынып жүрчү. Андан кийин алар жагоосун чечип, комсомолдук уюмдун катарына өткөн. (МТа)
Дагы караңыз
Аба ырайы: бийик тоолуу аймактарда кар жаайтАрменияда митингге чыккандар ТИМдин имаратын бөгөттөдү Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон 72 саатка камалдыАпышев: колдонулбаган ИВЛ аппараттарын Орусия кайра албай жатат