УКМК психотроптук дары-дармек ташыган топту аныктады

Бишкектин негизги көчөлөрүндөгү баңгизаттын жарнамасы. Мындай билдирүүлөр шаарда кадам сайын кездешет.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Кыргызстандын аймагында эркин жүгүртүүгө тыюу салынган психотроптук заттарды камтыган дары-дармектерди жеткирүү менен алектенген трансулуттук топту аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жүктүн чыныгы ээлеринин бири Ю.С.И. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренесинин 1-бөлүгү (бажы чегарасы аркылуу өткөрүүнүн өзгөчө эрежелери белгиленген буюмдарды алып өтүү) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда УКМК бул ишке тиешеси бар адамдарды, ошондой эле бажы кызматынын кызмат адамдарын аныктоо иши жүрүп жатканын кабарлады.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майда трансулуттук баңги тобунан баасы 1 миллион 808 миң долларлык баңгизат алынганын билдирген. (МТа)

Дагы караңыз

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу: долбоор күздө башталары айтылды БШКнын мүчөсү Марс Наспеков АРИСке директор болдуАйыл чарба министрлиги активист Атай Бейшенбектин иши боюнча маалымат таратты Орус дипломаты Украинадагы согуштан улам отставкага кеткенин жарыялады