Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Орус дипломаты Украинадагы согуштан улам отставкага кеткенин жарыялады


Орусиянын Тышкы иштер министрлиги.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги.

Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкери Борис Бондарев Украинадагы согуштан улам кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын айтты. Ал дипломат катары өз өлкөсү жана иши үчүн мынчалык уялып көрбөгөнүн LinkedIn социалдык түйүнүндөгү барагына жазды. Бондарев дипломат катары карьерасын уланткысы келерин, бирок кызматта кала берүү мекенине каршы чыккынчылыкка барууга тете болорун белгиледи.

"Путин Украинага, иш жүзүндө бүтүндөй Батыш дүйнөсүнө каршы баштаган агрессивдүү согуш - бул украин элине каршы кылмыш гана эмес, Орусиянын элине каршы эң оор кылмыш", - деп билдирди дипломат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесинин сайтындагы маалыматка ылайык, Борис Бондарев Орусиянын туруктуу өкүлчүлүгүндө кеңешчилик кызматты аркалап келген. Ал дипломатиялык кызматта 20 жылдан бери иштеп келе жатканын билдирди. Бандарев Орусиянын Тышкы иштер министрлигин дипломатия менен эмес, "калпты жайылтуу жана согушту тутандыруу" менен алек болду деп айыптады.

"Орусиянын тилектештери калбай калды", - деп жазды дипломат.

Айрым маалымат каражаттары Бондаревду Москванын Украинадагы аракеттерине каршылык иретинде кызматтан кеткен алгачкы орус дипломаты катары мүнөздөп жатышат. Анын билдирүүсү боюнча Орусиянын Тышкы иштер министрлиги комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG