Украина Беларус менен чек арасында аскерлерлердин саны көбөйгөнүн жана армиянын кыймыл-аракети күчөгөнүн эскертти.
Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 23-майда билдиргендей, Беларустун армиясы Гомел регионунун Украина менен чектеш аймактарына кошумча аскерлерин жөнөтүп, чалгындоо иштерин күчөттү.
"Беларустун аймагынан ракета жана аба соккулары болот деген коркунуч кала берүүдө", - деп айтылат расмий билдирүүдө.
Беларустун расмий жетекчилери Украина менен чек арасындагы соңку кырдаал тууралуу маалымат беер элек.
Беларус Москва 24-февралда Украинага каршы баштаган согушка расмий түрдө катышкан жок. Бирок расмий Минск өз аймагын орус күчтөрүнө Украинага кол салуу үчүн колдонууга уруксат берген. Мындан улам Беларус бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн бир катар санкцияларына да кабылган.
Дагы караңыз
Жолболдуеванын иши боюнча ондон ашык милиция кызматкерине чара көрүлдүКыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө башталдыБайден: Орусия Украинаны жок кылууну көздөйтАКШнын элчиси Өзбекстандагы сакал коюуга каршы өнөктүктү айыптадыАксынын Ак-Суу айылы райондун борбору менен байланышсыз калды Москвага бала бакканы барып сабалды делген секелек Бишкекке 2-июнда келетМинистрлик "Илбирстин" аскерлеринин "экзамени" тууралуу түшүндүрмө берди