Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:36

Москвага бала бакканы барып сабалды делген секелек Бишкекке 2-июнда келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Москвадагы Өзгөн коомунун төрагасы Алтынбек Маматасанов билдирди. Ал социалдык тармактарга видео кайрылуу жасап, өзүнүн алысыраак тууганынын балдарын багып жүргөндө сабалган 11 жашар кыз учурда анын үйүндө, балдары менен чогуу экенин, үй-бүлөсү менен Кыргызстанга 2-июнда барганда өздөрү менен кошо ала барышарын айткан.

Ур-токмокко кабылган кыз тууралуу Москвадагы айрым мигранттар жана Кыргызстандагы "Балдардын укугун коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова айтып чыккан, ошондой эле социалдык тармактарга видеолор жарыяланган.

Анда секелек кыздын башы таңылып турганы тартылган, ошондой эле аны Москвага алысыраак тууганы алып келгенин, ата-энеси Кыргызстанда, Өзгөндө калганын айтып берген.

Телефонго тартылган видеолордон өзүн "элчиликтен келдим" деп тааныштырган адам башка кишилер менен бирге ал секелек кыз жашап жаткан үйгө келгенин, кызды алып кетүүгө аракет кылып жатканын жана атасы менен телефондон сүйлөштүргөнүн көрүүгө болот.

Укук коргоочулардын билдиришинче, Орусияда жүргөн айрым кыргызстандыктар көп учурда алысыраак туугандарынын өспүрүм, секелек кыздарын алып кетип бала бактырган учурлары кадыресе көрүнүшкө айланган.

Орусияда иштеп, жашап жүргөн кыргызстандыктардын расмий саны бир миллиондон ашат.

XS
SM
MD
LG