Байден: Орусия Украинаны жок кылууну көздөйт

АКШнын президенти Жо Байден жапон премьер-министри Фумио Кисида менен биргелешкен маалымат жыйынында. Токио, 23-май, 2022-жыл.

АКШнын президенти Жо Байден орус президенти Владимир Путинди "Украинаны жок кылууга аракет кылып жатат" деп айыптады. Ал бул сөзүн 23-майда Токиодогу маалымат жыйынында айтты. Азияда иш сапары менен жүргөн Байден Орусиянын Украинада мектептер, театрлар, ооруканалар жана музейлер сыяктуу жарандык инфраструктураны бомбалаганы Путиндин чыныгы ниетин ашкерелеп жатканын кошумчалады.

"Менимче, Путин аракет кылып жаткан нерсе - бул Украинанын иденттүүлүгүн жок кылуу", - деди Байден. "Ал басып ала албайт, бирок анын иденттүүлүгүн жок кылууга аракет жасай алат".

Расмий Киев Орусия басып киргенден бери Украинада 10 миңден ашуун болжолдуу согуш кылмыштарын аныктаганын, орус күчтөрү үрөй учурган киши өлтүрүү фактыларына күнөөлүү экенин билдирип келет. Орусия жайкын тургундарга ок атканын четке кагып жатат.

Орус бийлиги Украинадагы аракеттерин согуш деп атабай, аны "атайын аскердик операция" деп мүнөздөйт. Орусиялык күчтөр Украинага басып кирер алдында Путин телекайрылуу жасап, Украинанын "чыныгы мамлекеттүүлүгү" болбогонун айткан.

Байден Токиодогу сөзүндө Путин "Украинадагы жапайычылыгынын" кесепетин тартышы керектигин, бул башка өлкөлөр Орусиянын аракетин кайталабашы үчүн зарыл экенин белгиледи.

Дагы караңыз

Москвага бала бакканы барып сабалды делген секелек Бишкекке 2-июнда келетБаку менен Еревандын биргелешкен комиссиясынын жыйыны чек арада өтөтБишкекке АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Дональд Лу келди Жолболдуеванын иши боюнча ондон ашык милиция кызматкерине чара көрүлдүМинистрлик "Илбирстин" аскерлеринин "экзамени" тууралуу түшүндүрмө берди