Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 23-майда Бишкекте АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолукту. Мекеме тараткан маалыматта, анда тараптар кыргыз-америка аралык алака-катыш, кызматташтыкты, аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулаганы айтылат.
"Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизген практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленип, инвестициялык кызматташтыкты арттыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Эл аралык санкциялардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасирин азайтуу, ошондой эле чек ара коопсуздугун бекемдөөгө көмөк көрсөтүүнү активдештирүү маселелери өзүнчө каралды. "С5+1" платформасынын алкагында мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалогду улантууга өз ара ниеттерин ырасташты",-деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.
Дональд Лу буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп иштеп кеткен. Ал өткөн жылы АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кызматына дайындалган.
Дагы караңыз
Министрлик "Илбирстин" аскерлеринин "экзамени" тууралуу түшүндүрмө бердиTemirov Live каналы Болот Темировду "кармоо операциясын" иликтеди Москва: сабалган секелек кызды Өзгөн диаспорасынын лидери алып кеттиЧүйдө "Йакын инкар" диний уюмунун лидери жана мүчөлөрү кармалды Чукул кабар: сел коркунучу жогору, тоолуу аймактарда кар жаайт