Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:38

Чукул кабар: сел коркунучу жогору, тоолуу аймактарда кар жаайт


Май айындагы катуу жааган жаандан улам өлкөнүн дээрлик бардык аймагында сел жүрдү.
Май айындагы катуу жааган жаандан улам өлкөнүн дээрлик бардык аймагында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, 23-майда Кыргызстандын бир катар региондордо маал-маалы менен нөшөрлөгөн жамгыр, ал эми тоолуу аймактарда кар жаайт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, ал эми кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

"Мындай туруксуз аба-ырайы айдоочулардын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат жана жайыттарда малчылардын түйшүгүн көбөйтөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал", деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Май айындагы катуу жааган жаандан улам өлкөнүн дээрлик бардык аймагында сел жүрүп, бир топ турак-жай жарактан чыкты. Короолор, жолдор жана көпүрөлөр бузулуп, ондогон гектар айдоо аянтын сел жууп кетти. Учурда табыгый кырсыктын кесепетин жоюу, чыгымын тактоо иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG