Ош мэриясы шаарга таза суу бериле баштаганын билдирди

Ош шаары. Сууга кезек күткөндөр. 22-май, 2022-жыл.

Ош шаардык мэриясы кичи райондорго таза суу бериле баштаганын билдирди. Суу берүү 21-майда токтоп калып, 22-майдын кечинде гана калыбына келтирилгени расмий жарыяланган. Бирок айрым кичи райондордо жашаган тургундар суу келе электигин айтып чыгышкан.

Ош шаарында 300 миңден ашуун суу колдонуучу расмий катталган. Калаа тургундарына таза суу Ак-Буура дарыясынан ачык суу сактагыч ыкмасы менен берилет. Катуу жамгыр жааганда дарыя ылайланып, суу берүү убактылуу токтотулат. Кээде 2-3 күн суу жок болуп калат. Көйгөйдү чечүү үчүн эки долбоор ишке ашырылган. 2009-2010-жылдары жергиликтүү казынадан 22 млн. сом бөлүнгөн. Андан кийин Азия Өнүктүрүү банкы тарабынан 1,5 млн.доллар грант катары берилген.

Ош шаардык мэриясы шаарды таза суу менен камсыздоо үчүн кайрадан Азия Өнүктүрүү банкынан грант сурап жаткандыгын билдирди. Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев июлдан тартып курулуш иштери башталып, кийинки жылы Ош шаары 80% таза суу менен камсыз болот деп айтууда. (AAb)

Ош шаарындагы таза суу көйгөйүнө арналган “Азаттыктын” иликтөөсү. (Эскертүү: видео 2021-жылдын октябрында жарыяланган).

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош: Мэрден мэрге мураска калган таза суу көйгөйү

Дагы караңыз

Аксыда селге байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды Ипотекалык насыяны пенсиялык топтоо эсебинен төлөөгө уруксат берилетСелден 50дөй мамлекеттик суу чарба объектиси зыянга учурады Чукул кабар: сел коркунучу жогору, тоолуу аймактарда кар жаайт