Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш жакынкы кундөрү баштала турганын энергетика министри Доскул Бекмурзаев бүгүн, 22-майда өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Бирок анын так мөөнөтүн айткан жок.
Ал Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында ГЭС плотинасы, бурма каналы жана машиналык зал курула турган жер менен таанышканын билдирди.
"Бул - өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздай турган өтө маанилүү долбоор. Азыркы учурда болгон күчүбүздү Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна жумшай турган болсок, анын акыбети кайта турган күн алыс эмес", - деди Бекмурзаев.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каржы ресурстары бар экенин, Финансы министрлиги курулуштун биринчи баскычы үчүн 498 млн. АКШ долларын бөлө турганын айткан.
Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса кошумча 1000 МВт электр энергиясы берилип, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздай турганы айтылып келет.
Президент Садыр Жапаров 2021-жылы мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапарында Камбар-Ата-1ди коңшу өлкө менен чогуу куруу тууралуу келишим түзүлгөнүн айткан.
Өзбекстан менен биргелешип куруу боюнча негизги маселелер карала электигин энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев парламенттин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын 15-апрелдеги жыйынында маалымдаган. (КЕ)
Дагы караңыз
Ошто эки күндөн бери таза суу берилбей турат Аба ырайы: Жаан жаайт Польшанын президенти Анжей Дуда күтүүсүз сапар менен Киевге барды Ооганстанда аял журналисттер эфирге жүзүн жаап чыга баштады