БУУнун баш катчысы Тоолуу Бадахшандагы кырдаалга камтамачылыгын билдирди

Антониу Гутерриш.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы жайкын тургундарга жасалып жаткан күч колдонууларга жана андагы курмандыктарга байланыштуу камтамачылыгын билдирди. Гутерриштин билдирүүсүн Нью-Йорктогу атайын брифингде анын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик жарыялады.

“Баш катчы тараптарды мунасага келүүгө чакырат жана жаралган кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүнү өтүнөт”,-деди Дюжаррик анда.

Стефан Дюжаррик билдиргендей, БУУ Тоолуу Бадахшандагы кырдаалга мындан ары да тыкыр көз салып турат.

Күч органдары 18-майда нааразылыкка чыгып, жол тоскон адамдарды "деструктивдүү күчтөр" деп атап, аларга каршы "антитеррордук операция" өткөргөн. Анда "8 жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. Соңку маалыматтарда 114 адам кармалганы ырасталды.

"Азаттыктын" тажик кызматынын булактары 20-майга карата өлгөндөрдүн саны кеминде 21ге жеткенин кабарлашты. Маалымат расмий тактала элек.

Расмий маалыматка караганда, операция учурунда бир офицер каза таап, 13 кызматкер жарадар болгон. Каршылык көрсөткөндөрдөн курал-жарак жана ок-дарылар алынган, кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Укук коргоо органдары башка жарандарга курал-жарактарын ыктыярдуу түрдө тапшырууга үндөп жатат.

Кырдаал 14-майдан баштап курчуган. Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана мэр Ризо Назарзоданын кызматтан кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

16-17-майдагы акцияларда жергиликтүүлөр менен полиция кагылышып, бир нече адам өлгөн. Расмий эмес маалыматтарда бул окуяларда жана операцияда набыт кеткендердин саны алда канча көп экени айтылууда.

Тажикстандын укук коргоо органдары каршылык аракеттерине чет өлкөлүк күчтөр аралашканын, курал-жарак сырт жактардагы уюмдардан алынганын, теракттарды, чагымчыл аракеттерди жасоо үчүн согушкерлер жалданганын билдирүүдө. Ал кайсы уюмдар экенин айткан жок.

Жергиликтүү тургундар алар өз укугун коргоо үчүн тынчтык максатта акцияга чыкканын билдирип келет. Бир катар эл аралык уюмдар жана чет жактагы тажик оппозициясы памирликтерди куугунтуктоону токтотууга чакырышкан. (ErN)

Дагы караңыз

“Медиа полиси институту” SuperTV каналы боюнча билдирүү тараттыОрусия Украинанын чыгышында кайрадан чабуулун күчөттүБеларустун бийлиги NEXTA Телеграм каналынын ээсин террорчулукка айыптадыКыргыз-тажик чек ара окуясы боюнча айыпталып жаткандар маселеси каралат