Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:00

Беларустун бийлиги NEXTA Телеграм каналынын ээсин террорчулукка айыптады


Степан Путило
Степан Путило

Беларустун Тергөө комитети оппозициялык NEXTA Tелеграм каналынын негиздөөчүсү Степан Путилого жана аны менен чогуу иштеген Ян Рудикке "Террордук уюмдарды уюштуруу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА маалымат агенттиги кабарлады.

Мекеме Путило менен Рудикти “террордук уюмдун жетекчилери” деп атады. Иштин материалдарында алар 2020-жылкы нааразылык акцияларында калкты баш аламандыкка, жолдорду жабууга тополоңдорду уюштурууга үндөгөнү баяндалат.

Беларуста оппозиция өкүлдөрү террорчулукка айыпталган учурлар көнүмүш адатка айланган. Мурдараак Беларустун парламенти өлүм жазасы колдонула турган кылмыштын тизмесин кеңейтип, террордук аракеттерге баргандарды жана мамлекеттик, коомдук ишмерлерди өлтүргөндөрдү да ушундай жазага тартуу мыйзамын жактырган. Өлкөнү башкарып жаткан Александр Лукашенко мыйзамга 18-майда кол койгон.

Путилого каршы мурдараак 10 берене менен кылмыш иши козголгон. Анда да айыптар 2020-жылкы нааразылык акциялары менен байланыштуу болчу. Беларустун бийлиги ага эл аралык издөө жарыялаган.

Оппозициялык NEXTA Телеграм каналы 2020-жылкы президенттик шайлоодо Лукашенко жеңүүчү болуп жарыялангандан кийин башталган нааразылык акцияларын активдүү чагылдырган. Быйыл апрелде Беларустун Жогорку соту NEXTA Телеграм каналын "террордук уюм" деп жарыялаган.

Бул сайтта иштеген блогер Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы София Сапега 2021-жылдын 23-майында Афиныдан Вилньюска учуп келе жаткан Ryanair авиакомпаниясынын учагы күчтөп Минскиге кондурулгандан кийин кармалган. Протасевич тергөө менен кызматташкандан кийин коё берилсе, Сапега алты жылга жатак абакка кесилген.

Степан Путило учурда Польшада жашайт жана Телеграм каналды ошол жакта туруп иштетет. Ал 2020-жылдан кийин эл аралык коргоого алынып, 2021-жылы саясий качкын катары баш паанек алган. Соңку билдирүүнү ал жеке комментарийлей элек, Телеграм каналдагы билдирүүдө блогерлер тобу “Путилонун сүрөтүн Беларустун Кылмыш кодексинин сыртына чаптап алууну” какшык иретинде сунуштады. (ErN)

XS
SM
MD
LG