Сулайманов: Мектепке Лениндин бюсту өзүм билемдик менен коюлган

Мектепте коюлган Лениндин бюсту.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Жети-Өгүздүн Кызыл Суу айылындагы мектепке Владимир Ильич Лениндин бюсту өзүм билемдик менен коюлганын айтып, бул окуяны атайын комиссия иликтеп чыгарын билдирди. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, мектепке бюст коюлары тууралуу облустук бийликтин маалыматы болбогонун кошумчалады.

“Негизи бюст өзүм билемдик менен коюлбаш керек болчу. Комиссия түзүп, чечим кабыл алабыз. Анан ошого жараша иш кылабыз. Бюст коюларын эч ким билген эмес. Аны мектептин директору, эмгек жамааты өздөрү эле орнотуп алышкан”, - деди Сулайманов.

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Кызыл Суу айылындагы мектепке 19-майда Владимир Ильич Лениндин бюсту коюлуп, ал шаан-шөкөт менен ачылган. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Максат Асанкожоев бюстка бюджеттен каражат кетпегенин, мектеп директорунун демилгеси менен коюлганын айтты.

Анын сөзүнө караганда, мектеп 22 жылдан бери Лениндин атын алып жүрөт. Билим берүү мекемесинин директору бюстту пионер кыймылынын 100 жылдыгына карата койгон. Анын ачылышына райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мугалимдер, окуучулар жана убагында пионер кыймылына мүчө болгон айыл тургундары катышкан.

Интернет колдонуучулар бул окуяны сынга алып, коомчулукта талкуу болуп жатат.

Мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн баарында пионердик кыймылдар болуп, ал жаш муунду Коммунисттик партияга берилген духта тарбиялоо милдетин аткарган. 1922-жылы уюшулган пионер кыймылына ар бир советтик окуучу 9 жашынан 14 жашка чейин милдеттүү түрдө мүчө болуп, кызыл жагоо тагынып жүрчү. Андан кийин алар жагоосун чечип, комсомолдук уюмдун катарына өткөн. (BTo)

Дагы караңыз

Добрынина: Кыргызстанга инсулин июндан эрте келбейтТИМ кыргыз жарандары көбөйгөн өлкөлөр боюнча иши тууралуу маалымат бердиКыргыз-казак президенттеринин жолугушуусунда жүк ташуудагы маселе каралатТИМ: Бир айда Орусиядан 15 “Жүк-200” келдиБылтыр чет жактан 540, быйыл төрт айда 224 мигранттын сөөгү келди ЕАЭБ президенттеринин Бишкектеги жыйыны онлайн өткөнү калды