Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

ЕАЭБ президенттеринин Бишкектеги жыйыны онлайн өткөнү калды


Кыргызстан Евразия экономикалык кеңештин төрагалыгын былтыр өткөрүп алган. 2021-жыл, 10-декабрь.
Кыргызстан Евразия экономикалык кеңештин төрагалыгын былтыр өткөрүп алган. 2021-жыл, 10-декабрь.

Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЕЭК) 27-майда Бишкекте пландалган жыйыны видеоконференция форматында өткөнү калды. Бул тууралуу 20-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев журналисттерге айтты.

Ал Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин президенттеринин жолугушуусу эмне себептен онлайн форматта өтөт деп чечилгенине түшүндүрмө берген жок.

19-майда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Беларустун БелТА мамлекеттик агенттигине саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар экенин айткан.

2021-жылы Евразиялык экономикалык жогорку кеңешке Казакстан төрагалык кылып, анын жыйынтыктоочу жыйыны онлайн өткөн. Кеңешке төрагалык кылууну былтыр декабрь айында Кыргызстан өткөрүп алган.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. (BTo)

XS
SM
MD
LG