Кыргыз-казак президенттеринин жолугушуусунда жүк ташуудагы маселе каралат

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек” өткөрмө бекети.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапары 26-майда башталарын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев айтты.

Коңшу өлкөнүн президенти 27-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЕЭК) видеоконференция форматында саммитине жана Бишкекте өтө турган пленардык жыйындарга катышат.

Арзыбек Кожошев президент Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин жолугушуусунда эки өлкөнүн чек арасында жүк ташуудагы маселелер да талкууланарын билдирди.

“Албетте, бул маселе каралат. Казакстан тарап көйгөйдү толугу менен чечкенге даяр. Бул президенттердин жолугушуусунда карала турган маселелердин ичине кирет”, - деди Кожошев.

Өткөн айда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде жүк ташыган автоунаалардын узун кезеги пайда болгон. Бишкек “Казакстан жүк ташууда Евразия экономикалык биримдигинин шарттарын аткарбай жатат” деп айыптаган.

Казак-кыргыз чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын кээде бир нече чакырымга созулган узун кезеги болуп турат. (BTo)

Дагы караңыз

Былтыр чет жактан 540, быйыл төрт айда 224 мигранттын сөөгү келди ЕАЭБ президенттеринин Бишкектеги жыйыны онлайн өткөнү калдыСаламаттык сактоо министринин кеңешчиси бир айга үй камагына алынды Таластагы реабилитациялык борбор үчүн кайрымдуулук аукциону өтөт Орус драмтеатрынын артисттери жетекчисине карата чара көрүүнү өтүнүштүАКШ Сенатында Украинага 40 миллиард доллар бөлүү чечими кабыл алынды