Сот активист Максат Касеновду үй камагына чыгарды

Максат Касенов.

Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренесине шек саналып кармалган активист Максат Касенов үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди 18-майда Каракол шаардык соту чыгарганын Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жабырлануучу тарап шектүүгө доосу жок экенин билдирген жана сот айыпталуучунун туруктуу жашаган жери бар экенин эске алып үй камагына чыгарган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Максат Касеновду киши өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен 2021-жылы октябрда кармаган. Анын Караколдогу үйүндө тинтүү жүрүп, Сайга үлгүсүндөгү мылтык жана башка куралдар табылганы кабарланган.

Максат Касенов “Улуу Кыргызстан” кыймылынын мурдагы лидери, Каракол шаардык кеңешинин экс-депутаты. Ал былтыр бийликтин ишин сынга алып жүргөн. (BTo)

Дагы караңыз

Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы үй камагына чыкты"Азовсталдагы" украиналык аскерлер тууралуу карама-каршы маалыматтар чыгуудаБишкекте автобус-троллейбустардын жол акысы карта менен гана алына баштайтКадамжайда мөндүр аралаш жаандан кийин сел жүрдү (видео)Швеция жана Финляндия НАТОго кошулууга арыз тапшырдыМамдепартамент Украинадагы согуш кылмыштарын далилдеген фактыларды чогултат"Өзбеккосмос" британиялык OneWeb компаниясы менен кызматташатМектептеги кырсыктан жаракат алган төрт киши ооруканага жаткырылды