18-майда Швеция жана Финляндиянын элчилери Брюсселде НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенбергге аскердик блокко кошулуу арыздарын тапшырды. Столтенберг аларды кабыл алуу жараяны ыкчамдатылган тартипте жүрөт деп үмүттөнөрүн белгиледи.
Орусия Украинага кол салгандан кийин эки өлкө тең салттуу нейтралитет макаманын баш тартып, НАТОго кирүүнү чечкен.
Арыздарды альянстын кеңеши карап, андан кийин алардын мүчөлүгүнө уюмга кирген бардык 30 өлкө макулдугун берүүгө тийиш.
Бирок Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара каршы добуш бере турганын билдирип, Стокгольм менен Хельсинки террордук уюмдарды колдойт деп айыптады. Ал эки өлкө Эрдогандын каршылаштарына башпаанек берип келет. Анкара аларды террористтер деп эсептейт.
Bloomberg агенттиги шейшембиде жазганына караганда, Түркия бир катар шарттар аткарылса, пикирин өзгөртүшү мүмкүндүгүн билдирди. Атап айтканда, Анкара Швеция менен Финляндиядан түрк бийлиги террордук деп атаган “Күрттөрдүн жумушчу партиясын” айыптоону талап кылууну көздөйт.
Андан тышкары курал экспортуна чектөөнүн алынышын каалайт. Эмбарго Түркия 2019-жылы Сирияга басып киргенден кийин киргизилген.