Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелердин имараттарынын абалын текшерүү тапшырмасын берди.
Өкмөттүн басма сөз кызматы мындай чечим 17-майда Терек-Сай айылындагы мектептин шыбы урап түшкөн окуя талкууланган жыйында кабыл алынганын кабарлады.
“Министрлер кабинетинин башчысы билим берүү мекемелеринин коопсуз иштешине жооптуу тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин сынга алды”, - деп айтылат маалыматта.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектепте 17-майда сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте бир мугалим, 16 окуучу болгон.
Алар Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирилип, мугалим жана төрт окуучу ооруканага жаткырылды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы канааттандырарлык экенин билдирди.
Чаткал районунун билим берүү бөлүмү кырсык болгон мектеп 1951-жылы салынганын, авариялык абалда болбогонун кабарлады. (BTo)
Дагы караңыз
Мектептеги кырсыктан жаракат алган төрт киши ооруканага жаткырылдыБолот Темиров: паспортум соттун чечимисиз эле жараксыз деп табылды Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалдыKloop.kg: Тарых музейиндеги өрттөн жүздөгөн экспонат күйүп кеткенКылмыштуу топтун “Карышкыр” аттуу мүчөсү киши өлтүрүүгө шек саналып кармалды