Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

Kloop.kg: Тарых музейиндеги өрттөн жүздөгөн экспонат күйүп кеткен


Тарых музейи.
Тарых музейи.

Kloop.kg сайты жана “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө” долбоору (OCCRP) Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде 2016-жылы болгон өрт кырсыгына байланыштуу экинчи иликтөөсүн жарыялашты. Журналисттер музейдин жетекчилиги баалуулугу жок бир нече экспонат күйүп кеткенин айтканы менен алардын саны жүздөп саналарын аныктап чыгышты.

2021-жылдын майында OCCRP жана Kloop.kg өкмөт менен музейдин жетекчилиги өрт учурда музейдин негизги фондуна караштуу кеминде 18 тарыхый килемдин өрттөнүп кеткенин жаап-жашырууга аракет кылганы тууралуу иликтөө жарыялашкан.

Жаңы иликтөөдө айтылгандай, 2021-жылы музейдин жертөлөсүнөн негизги жана көмөкчү фонддордун номурлары бар экспонаттар, документтер, сүрөттөр, китептер, плакаттар, килемдер табылган, “алардын баары күйгөн, күйүк жерлерин кыркып салышкан”. Атайын сандар менен белгиленген 350 экспонат жабыркаган же толугу менен күйүп кеткен. Андан сырткары өрттөн дагы башка 600 буюм жабыркаган.

Иликтөөчүлөрдүн жеке булагы музей жетекчилиги чындыкты жылдар бою жашырып келгенин айтып берген.

Журналисттер музейдин администрациясында иштеген бир канча адам менен байланышууга аракет кылышкан, бирок алар иликтөө чыгар алдында маалымат берүүгө үлгүрүшкөн эмес, же комментарий берүүдөн баш тартышкан. Маданият министрлиги да маалымат берген эмес.

2016-жылы оңдоо үчүн жабылып, коррупциялык талаштуу жагдайларга жана сот иштерине байланыштуу ачылбай турган музей былтыр ачылган.

2017-жылы өрт кырсыгы боюнча райондук милиция иш козгогон. Иликтөөнүн жүрүшү тууралуу ачык булактарда расмий маалымат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG