Мектептеги кырсыктан жаракат алган төрт киши ооруканага жаткырылды

Амирабек Чымканаев атындагы орто мектептеги шыбы урап түшкөн класс.

Амирабек Чымканаев атындагы орто мектептеги шыбы урап түшкөн класс.

Чаткал районунда 17-майда сабак учурунда шыбы урап түшкөн класста жараат алган мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы канааттандырарлык экенин билдирди.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектепте 17-майда сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте бир мугалим, 16 окуучу болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери аларды коопсуз жайга алып чыгып, Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирген.

Чаткал районунун билим берүү бөлүмү мектеп 1951-жылы салынганын, авариялык абалда болбогонун кабарлады. (BTo)

Дагы караңыз

Болот Темиров: паспортум соттун чечимисиз эле жараксыз деп табылды Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалдыKloop.kg: Тарых музейиндеги өрттөн жүздөгөн экспонат күйүп кеткенКылмыштуу топтун “Карышкыр” аттуу мүчөсү киши өлтүрүүгө шек саналып кармалдыХорогдогу митингде үч киши жараат алдыЧаткалда шыбы ураган мектептин окуучулары ооруканага жөнөтүлдү