Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде өлкөнүн НАТОго кошулуу арызына кол койду. Кол коюу аземин коомдук Sveriges Television телеканалы түз ободо көргөздү. Эми Стокгольмдун 200 жыл өкүм сүргөн нейтралитет саясатына чекит коюлмакчы.
16-майда өлкө өкмөтү аскердик альянска мүчө болуу чечимин кабыл алган. "Швеция муктаж болгон коопсуздук кепилдиктерине уюмга кирүү менен ээ боло алат", - деп билдирген парламенттеги талкууда премьер-министр Магдалена Андерссон. Чечим Орусиянын Украинага басып кирип, согуш ачканынын фонунда кабыл алынды.
Стокгольмдун арызын НАТОнун бардык 30 мүчө мамлекети жактырууга тийиш. Буга чейин бул жараян тез жүрөт деп болжолдонгон. Бирок Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарага каршы добуш бере турганын билдирип, Швецияны "террордук уюмдардын инкубатору" деп атады.
Стокгольм бир топ күрд тектүү адамдарга башпаанек берген. Түрк бийлиги алар Анкара терроризмге айыптаган «Күрддөрдүн жумушчу партиясы» менен байланышы бар деп эсептейт.
Дагы караңыз
Исабеков аткезчиликтин артында таасирдүү адамдар бар экенин айтты Бишкекте министр Бейшеналиевди колдогон акция өтүп жататОктябрь райондук милиция кызматкерлерине 25 иш козголдуЧаткалда шыбы ураган мектептин окуучулары ооруканага жөнөтүлдү