Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:09

Исабеков аткезчиликтин артында таасирдүү адамдар бар экенин айтты


Самат Исабеков.
Самат Исабеков.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Чоң-Талаа айылындагы Развилка тилкесиндеги убактылуу ачылган өткөрмө бекетте быйыл бажы эрежеси 16 жолу бузулганын билдирди.

Бул тууралуу ал 17-майда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында айтты. Жыйынтыгында бюджетке 1 миллион 66 миң сом кайтарылган.

Исабеков коңшу өлкөлөр менен чек ара толук такталып бүтө электигине байланыштуу аткезчилик дагы деле токтобой жатканын маалымдады. Депутат Русланбек Жакышов бажыдагы аткезчиликтин артында чиновниктер турарын айтып, алардын атын ачык жарыялоого чакырды. Депутаттын суроосуна Бажынын төрагасы мындай жооп кайтарды.

“Туура айтасыз. Таасирдүү адамдар бар. Материалдар прокуратурага өткөрүп берилген. Тергөө иштерине тоскоол болбошу үчүн бул купуя сыр катары турат”, - деди Исабеков.

Улуттук коопсуздук комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы 1-10-май аралыгында эле Баткен облусундагы кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасынан 20 аткезчилик аракети токтотулганын билдирген.

2019-2020-жылдары “Азаттык” радиосу, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору”, (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү “Kloop” медиасы чогуу бажы тармагындагы коррупциялык иштерди ашкерелеген иликтөөлөрдүн сериясын жарыялаган.

Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекетке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган.

Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде тергөө менен кызматташууга барган Матраимов күнөөлүү деп табылып 260 миң сом айыпка жыгылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG