Москвада ЖККУ саммити өттү

ЖККУ лидерлери. 2022-жылдын 16-майы.

Москвада 16-майда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) 30 жылдыгына арналган жыйын өттү. Жыйынга уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери катышты.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, өз ара кызматташуунун актуалдуу багыттары, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча позицияларды биргелешип координациялоо жана жамааттык коопсуздук системасын өркүндөтүү боюнча пикир алышуу болду.

Жыйынтыгында уюмдун 30 жылдыгына байланыштуу биргелешкен билдирүүгө кол коюлуп, Казакстанга быйыл январда жиберилген
ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясынын катышуучуларын сыйлоо жөнүндө чечимин кабыл алынды.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. (RK)

Дагы караңыз

Жапаров Путин менен сүйлөштүХорогдо кырдаал курчуп, киши өмүрү кыйылдыОрун басарлар Бейшеналиевди кызматтан алууну талап кылды ЖККУнун мааракелик саммити мамилени сынайбы?