Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иш-аракеттери кайрадан күндүн темасына айланды.
Министрдин азыркы жана мурдагы орун басарлары 16-майда маалымат жыйын өткөрүп, өлкө бийлигине кайрылуу жасап, аны кызматтан алууну өтүндү. Алар министрликтин борбордук аппаратында моралдык абал оорлошуп кеткенин белгилешип, буга Бейшеналиевди күнөөлөштү. Мунун алдында учурда чет өлкөдө жүргөн министр эки жолу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин сурагында болгонун билдирген. Ал орун басарларынын билдирүүлөрүн четке какты.
Орун басарлар маалымат жыйынга чогулду
Министрдин орун басары Жапаркул Ташиев министрдин өзүн алып жүрүүсү, орой мамилелери жана кадрларды кызматтан негизсиз алып жатканын билдирди. Маалымат жыйында министр Алымкадыр Бейшеналиев сынак менен дайындалчу кызмат орундарына да "өз билгениндей дайындоолоорду жүргүзүп жатканы", орун басар, кызматкерлерди мыскылдаган, жамаат алдында уяткарган, орой мамилеле жасаганы айтылды.
"Бизди башкарган Алымкадыр Бейшеналиев жөнүндө ар кандай материалдар чыгып жатат. Албетте анын ичинде анча-мынча туура эмеси бардыр, бирок көбүнөсе туура маалыматтар. Өзү маек бергенде дагы элди адаштырып, туура эмес маалыматтарды айтып жатат. Акыркы убакта чыккан буйруктар, кадрдык өзгөрүүлөр, текшерүүлөрдүн бардыгы башка максатта. Аны атайын органдар тескейт деген ойдомун. Бүгүн биз ал кишинин мамлекеттик кызматкердин этикасына сыйбаган, жарашпаган маселелери боюнча айталы дедик. Кыска убакыттын ичинде эмнелер гана болбоду, эмне деген маектерди бербеди, эмне деп гана бирөөлөрдү шылдыңдабады. Ошол шылдыңга, уятка биз калып отурабыз. Биз дагы, аппарат дагы ошого чыдап отурабыз. Чектен чыгып кеткен жоруктары ушул кадамга барууга мажбур кылды. Орой айтсаң, "үйүңө жетпей каласың" дейт. "Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" деген образдуу макал бар, бул ошондой болуп жатат. Ошонуку эле туура, биздики туура эмес. Ал киши бул орунда иштөөгө ылайыксыз деп билдиребиз".
Ташиев Бейшеналиевдин кадрдык мыйзам бузуулар, акчага, парага байланыштуу дагы иштери бар экенин, аларды укук коргоо органдары териштире турганын кошумчалады. Маалымат жыйында министрдин орой айтып опузалаган, үй-бүлөсү менен коркуткан учурлары да болгону айтылды. Ушундай коркутуулардын бирине жакында эле министрдин дагы бир орун басары Улук-Бек Бектурганов туш болгонун айтып чыкты.
"Бул тууралуу эч кимге, жубайыма дагы айта элек болчумун. Жума күнү Жапаркул Ташиевге айткам. Менин орун басар болуп келгениме бир жылдан ашты. Алымкадыр Бейшеналиев "койнуңдагы келинчегиңди менин инилериме салып берип кой" деген сөз болгон. Коркуткан деле жок, телефондун добушун чыгарып алып, ошол жерде кабинетинде катчысы, башка кишилер дагы болгон. Диктофонго жаздырып калган эмесмин. Ал жердеги кишилер деле муну айтып беришет, уяты болсо. Мен үй-бүлөмдү өзүм коргоп алам, ошондуктан эч жакка кайрылган жокмун", - деди Бектурганов.
Министрдин дагы бир орун басары Жалалиддин Рахматуллаев мекемедеги жасалып жаткан иштер бир эле кишинин ишинин жемиши эмес экенин, аны тармактагы кызматкерлер баарылап иштеп, аракет кылып жатышканын айтты. Ал министр баштаган реформаларды колдой турганын, бирок өзү жана мекемедеги маалыматтар жумушка кедергисин тийгизип жатканын кошумчалады.
"Министрликте кызматкерлер бири-бири менен сүйлөшө албай калды", - деди ал.
Министрдин мурдагы орун басары, Фтизиатрия борборунун жетекчиси Мадамин Каратаев буларга токтолду:
"Моралдык-психологиялык климат борбордук аппаратта өтө начар болуп кетти. Мамлекеттин саламаттык сактоо тармагына жооп берген мекемесинде ушундай болсо, анын таасири жер-жерлерге дагы тийбей койбойт. Экинчиден, министрдин сөзү дал келбей калган учурлар болду. Казакстандан 500 миң доза вакцина келет деди эле, жарым сааттан кийин ал жактын премьер-министри эмне деп жооп берди? Мар Байжиев тууралуу айтканында дагы ошондой болгон. Министр жалган маалыматты айта турган болсо, кандай болот? Ал оорукананы буга бириктирип коюу - реформа эмес. Бейтаптар бекер, сапаттуу жана жеткиликтүү дарыланып, ыраазы болгондо анан реформа ишке ашты деп айтылат", - деди Каратаев.
Ушундай эле сын-дооматтарды министрликтин башка дагы орун басар, бөлүм башчылары, мурдагы юристи айтып чыгышты. Алар мекемедеги кемчиликтер же жамааттагы маанайды айтып чыгууга 2-майда Жети-Өгүздө Медайымдар күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарага медайымдар өздөрү чогулткан 100 миң сом акча, бул ишке шектелип Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо координатору, Каракол шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун кармалышы себеп болгонун белгилешти.
Министрдин жообу
Мунун алдында 16-майда “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып министр Алымкадыр Бейшеналиев эки жолу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте суралып чыкканын билдирген. Анын айтымына караганда, УКМК кызматкерлери аны алгач 12-майда Жети-Өгүздөгү 100 миң сом акча боюнча шектүүлөр тууралуу видеого тартып, суроолорун беришкен. 14-майда ошол эле маселеге байланыштуу “Манас” аэропортунда да суракка алып, видеого тартышканын кабарлады.
Бейшеналиев акчага байланыштуу кармалган Мээрим аттуу кыз УКМКнын кызматкерлеринин коркутуусуна кабылганын, алар менен жалгыз калтырбоону сурангандыктан арачы болуп, үйүнө жеткирип, ата-энесинин колуна тапшырганын да айтты.
“Кармаса кармасын. Эч кандай күнөөм жок да. Бир кызды ата-энесине бергеним үчүн камап коебу? Же жанагы 100 миң сомду албай койгонум үчүн камайбы? Кафеде төлөп жатканда алар ойлоптур да Бейшеналиевге берет, ошондо кармайбыз деп”, - деди ал.
Министр Жети-Өгүздө сурак учурунда аны “эл алдында абдан кемсинтишкенин”, кийин Бишкекке келгенде кызматтык машинесинин айдоочусуна ишке чыгууга тыюу салып, базага токтоттуруп коюшканын, такси менен жүрүүгө мажбур болгонун, аны суракка алгандардын бири менен сүйлөшкөндө, “өйдө жактан буйрук берилген” деп билдиргенин айтып берди.
Өзү азыр Германияда иш сапарда жүргөнүн жана Кыргызстанда 1-июнга чейин болбой турганын кошумчалады.
Медайымдардын кесиптик күнүнө байланыштуу уюштурулган иш-чарага катышкан айрым медайымдар жогоруда айтылган 1200 сомду өз калоолору менен эле чогултушканын маалымат жыйындын алдында "Азаттыкка" билдиришкен.
Ушундан кийин министр Алымкадыр Бейшеналиевдин акча чогултууга катышкан делген кыз менен байланышы тууралуу сүрөт, видеолор социалдык тармактарда тарады. Муну министр өзүн жаманатты кылуу аракети катары сыпаттап жатат. Ал интернетке чыккан сүрөттөрдөгү кыздар медициналык тармактын кызматкерлери экенин билдирди. Саламаттык сактоо министрлиги тараткан билдирүүдө бул иштер “медициналык бизнестин кураторлору тарабынан жасалып жатканы” айтылат.
Бейшеналиев: Мен кызматтан кетпейм
Министр орун басарларынын айткандары боюнча да "Азаттыкка" комментарий берди.
"Биринчиден, мен кызматтан кетпейм. Мен аларга караганда жүз эсе жакшы иштеп атам. Реформанын бардыгын өзүм жалгыз жасап жатам. Экинчиден, мен өкмөт башчыга мени каралап атат, коргоп койгула деп айтмак белем. Алар деле көрүп атат да. Мени кызматтан албайт деп ойлоп атам”, - деди ал.
Министрдин чуулгандуу реформалар
Бейшеналиев өзүн кызматтан алууну бийликтен өтүнгөн орун басарларын "иш билги эмес" деп сындап, айрымдарын буга чейин эле кызматтан алууга аракет кылганын айтууда.
Коомчулукта министр Алымкадыр Бейшеналиев баштаган реформа тууралуу пикирлер дагы бир кылка эмес. Айрымдары аны "козголбогон дыңды бузду" деп кубаттаса, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабай жатканын, айрым кадамдары мыйзамсыз экенин айткандар да бар.
Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов "министрдин жүрүм-турумун эске албаганда, айрым иштери колго аларлык" деп эсептейт.
Бейшеналиев 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Ошондон кийин басма сөз жыйынында коронавирусту дарылоодо уу коргошунду (аконит) колдонууну сунуштаганы, аны журналисттердин көз алдында ичип жана такай колдоно турганын айтканы азыркыга чейин сынга алынып, талкууланып келатат.
Анын өзүн алып жүрүүсү, журналисттерге берген маектери коомчулукта утур-утур сынга кабылып келет. Аткаминердин жүрүм-турумуна реакция кылууну Жогорку Кеңештин депутаттары дагы көтөрүп чыгышкан. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ага Башкы прокуратуранын сунушунан кийин апрель айында сөгүш жарыялаган.
Бейшеналиевди кызматтан алуу талабы буга чейин айрым медициналык мекемелердин кызматкерлери тарабынан айтылган. Акыркы өтүнүч, талаптарга бийлик тараптан кандай жооп болору азырынча белгисиз.