Ош шаарында төрт эм төрөлдү

Иллюстрациялык сүрөт

Ош шаарында 2-майда төрт эм төрөлдү. Алардын экөө уул, экөө кыз. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук төрөт үйүнүн жетекчиси Асылкан Асанова билдирди.

Төрт эмди жарык дүйнөгө алып келген 32 жаштагы Замирахон Каримованын жана балдардын абалы жакшы. Ымыркайлар айына жетпей төрөлгөн.

Ымыркайлар 17-майда төрөт үйүнөн чыгарылат. Наристелер 1 кг 200 граммга чейинки салмакта төрөлгөн. Төрт эм Замирахондун үчүнчү төрөтү. Буга чейин ал эки уулду жарык дүйнөгө алып келген. (AAb)

Дагы караңыз

Активист Атай Бейшенбек милицияда сурак берип жатат"Макдоналдс" менен "Рено" Орусиядан кетип жатканын жарыяладыБейшеналиев интернетке тараган сүрөттөр боюнча түшүндүрмө бердиСаламаттык сактоо министринин орун басарлары Бейшеналиевди кызматтан алууну сурандыКожошев пара алууга шек саналган кеңешчисин кызматтан алганын айтты