Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:07

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Бейшеналиевди кызматтан алууну суранды


Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери маалымат жыйынында. 16-май. 2022-жыл.
Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери маалымат жыйынында. 16-май. 2022-жыл.

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары 16-майдагы маалымат жыйында өлкө бийлигине кайрылуу жасап, министр Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алууну өтүндү.

Министрдин орун басары Жапаркул Ташиев министрдин өзүн алып жүрүүсү, орой мамилелери жана кадрларды кызматтан негизсиз алып жатканын билдирди.

Маалымат жыйында министрликтин борбордук аппаратында да моралдык абал оорлошуп кеткени, министр Алымкадыр Бейшеналиев сынак менен дайындалчу кызмат орундарына да "өз билгениндей дайындоолоорду жүргүзүп жатканы" айтылды.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) эки жолу суракка алганын 16-майда "Азаттык" радиосуна айткан.

Министрдин сөзүнө караганда, УКМК кызматкерлери алгач 12-майда Жети-Өгүздө Медайымдар күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарага медайымдар өздөрү 100 миң сом акча чогултканын министр кошумчалаган. 14-майда ошол эле маселеге байланыштуу коопсуздук кызматы “Манас” аэропортунда да аны суракка алып, видеого тартышканын айтты.

Бейшеналиев азыр Германияда иш сапарда жүргөнүн, Кыргызстанда 1-июнга чейин болбой турганын ырастады.

УКМК Жети-Өгүздө 100 500 сом пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо министрлигинин координатору, Каракол шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору кармалганын билдирген.

Ал эми Бейшеналиевдин суракка алынганы жана анын айткандары тууралуу УКМК азырынча комментарий бере элек.

Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. (JsA)

XS
SM
MD
LG