Каракол: Оор абалда ооруканага түшкөн келиндин күйөөсү кармалды

Кылмышка шектүү катары кармалган адам.

Караколдо аялын сабап кыйнаган деп шектелип жаткан адамга карата иш козголуп, өзү камакка алынганын Ысык-Көл облустук милициясы 16-майда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 14-майда милицияга облустук ооруканага ур-токмокко кабылган 38 жаштагы келин жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт боюнча Каракол милициясында Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесинин (Үй-бүлөлүк зомбулук) негизинде сотко чейинки териштирүү башталып, аялды 29 жаштагы күйөөсү кызганычтан улам сабаганы маалым болгон. Кийин 138-берене (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголгон. Келинге коргоо ордери берилген.

Окуя тууралуу алгач 15-майда караколдук укук коргоочу Камил Рузиев жазып чыккан. Ал майыптыгы бар, ооруканага оор абалда түшкөн Айзат Үсөнбаева буга чейин да күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылганын билдирген. (RK)

Дагы караңыз

Шольцтун партиясы жергиликтүү шайлоодо аз добуш алдыБостеринин тургундары заманбап оорукана маселеси боюнча президентке кайрылыштыТалас: Убактылуу кармоочу жайдагы жаран медициналык жардамга муктаж Илимпоздор айдын топурагына гүл өстүрдү