Караколдо үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Б.Ж пара алып жаткан жеринен кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору жана Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо бөлүмүнүн Б.Ж. аттуу координатору 100 миң 500 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен 13-майда кармалган. Атайын кызмат шектүү акча каражатын Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелеринин жооптуу кызматкерлеринен алганын, ал өз кезегинде орто медициналык кызматкерлерден чогултулганын билдирүүдө.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эл аралык Transparency International уюмунун соңку изилдөөсүнө караганда, 2020-жылы 124-орунду ээлеген Кыргызстан былтыр 144-орунга түшүп калган. Буга өлкөдө коррупцияга каршы күрөштүн аягына чыкпай калышы жана башка жагдайлар себеп болгон. (КЕ)

Дагы караңыз

Иранда кымбатчылыкка каршы акцияга чыккан адамдар кармалдыЭрдоган Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулушуна каршылыгын билдирдиКаракол шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен 850 млн. сом бөлүнөтЫсык-Көлдө жөө күлүктөрдүн эл аралык марафону башталды