Ак-Ордонун тургундары жол курулушун жандантууну талап кылышты

Иллюстрациялык сүрөт.

Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагына караган Ак-Ордо конушунун тургундары жолдун курулушун жандандырууну талап кылып жатканын Kaktus.media басылмасы жазды.

Анда жашоочулар өткөн жылы Лущихин көчөсүн курууга тендер жарыяланып, 28 млн. сом бөлүнгөнүн, жеңип чыккан компания 24 млн. сомго бүтүрүп берүүнү сунуштаганын айтышкан. Жашоочулар жолду оңдоо иштери дагы эле бүтө электигин айтып, бийликти көңүл бурууга чакырган.


Ушул жылдын 27-февралынан тартып Кытай грантына Бишкектин көчөлөрүн оңдоонун 2-фазасы башталды. 2-фазанын алкагында Бишкек шаарында беш көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчөнү оңдоо пландалууда.

“Бишкекасфальтсервис” ишканасынын директору Талант Солтобаев 3-мартта билдиргендей 80ден ашык көчөнү ремонттоого бөлүнгөн 772 млн. сомдун 250 млн. сомунун сарпталышы тууралуу гана документтер бар. 520 млн. сом каякка жумшалганы белгисиз.

Мэрия 1 миллиард сомго жакын акчанын эсебин таппай жатканы тууралуу "Азаттыктын" журналисти Айбек Бийбосунов "Жолдон жоголгон 934 миллион сом" деген иликтөө жарыялаган. Бюджеттен жоголгон бул каражат жол курулушуна жумшалмак. (КЕ)

Дагы караңыз

Украинанын мурдагы президенттери дүйнө лидерлерин "Азовсталдан" элди эвакуациялоого жардам берүүгө чакырдыЛатвия Орусиянын 102 жаранына кирүүгө тыюу салды, арасында актёр жана режиссёрлор барЫсык-Көлдө жөө күлүктөрдүн эл аралык марафону башталдыАрменияда нааразылыкка чыккандар кайрадан көчөлөрдү жабууга аракет кылды