Чүйдө эки ымыркайдын сөөгү табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

12-майда Бишкектин Дордой-2 жаңы конушундагы айланма жолдогу көпүрөнүн астынан жаңы төрөлгөн эки ымыркайдын сөөгү табылган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Аталган факт Чүй облусунун Аламүдүн райондук милициясына катталып, учурда иш Бишкектин Свердлов райондук милициясына өткөрүлүп берилген. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда акыркы жылдары канча бала ташталганы беймаалым. Саламаттык сактоо министрлиги 2016-жылы "бэйби бокс" же балдарды таштоо кутуларын ачуу демилгесин көтөрүп чыкканы менен сунуш ишке ашкан эмес.

Дагы караңыз

Чек ара кызматы аткезчилик боюнча тараган тасмага түшүндүрмө бердиӨКМ Сузактагы селден жыйырма беш үй авариялык абалга келгенин билдирдиАКШ Сенаты Украинага 40 млрд. доллар берүүдө тил табыша албай калдыСадыр Жапаров Москвада өтө турган ЖККУ саммитине катышат