Садыр Жапаров Москвада өтө турган ЖККУ саммитине катышат

Иллюстрациялык сүрөт.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги саммити 16-майда Москвада өтөт. Саммитке Кыргызстандан президент Садыр Жапаров баштаган расмий делегация катышат.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын жыйынтыгында ЖККУнун 30 жылдыгына байланыштуу Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсү кабыл алынат.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. (RK)

Дагы караңыз

Чек ара кызматы аткезчилик боюнча тараган тасмага түшүндүрмө бердиКыргыз жана казак депутаттары чек арада көчмө жыйын өткөрүүдө14-майдын аба ырайыБаткен: айыл ортосундагы бекеттерден жабыр тарткан ишкерлер