14-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолордо кар жаайт, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 16…21;
Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 15…20;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25;
Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 4…10, күндүз 15…20;
Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9 градус.
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт . Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 19…21 градус болот.