Орусиянын армиясы Харьковдон чегине баштады

Харьков аймагындагы украин аскерлери, 9-май 2022-жыл.

12-майда Орусиянын армиясы Украинанын Запорожье жана Новгород-Северский шаарларына сокку урду. Харьков аймагында украин аскерлери бир нече айыл-кыштактарды бошотту. Украинадагы согуштан улам Орусиянын коңшусу Финляндия НАТО кошулуу жараянын баштап жатканын жарыялады.

Орусия Украинанын чыгышындагы жана башка аймактардагы айыл-кыштактарды, шаарларды бутага алган чабуулдарын улантууда. Донецк облусунун аскердик администрациясынын башчысы Павел Кириленко билдиргендей, орус күчтөрү Донбасстагы Славянск, Краматорск шаарчаларынын айланасындагы дээрлик ар бир калктуу конушту аткылап жатат.

Бейшемби күнү орус армиясы Украинанын түштүк-чыгышындагы Запорожье шаарына канаттуу ракеталарын учурду.

Түндө түндүк тараптагы Новгород-Северский шаарчасына да абадан сокку урулду. Бул чабуулдан мектептер, турак үйлөр жабыркаганын, курмандыктар болушу мүмкүндүгүн жергиликтүү коргонуу кошуундары маалымдашты. Орусиянын Коргоо министрлиги бул шаарга сокку урганын ырастаганы менен аскердик объекттер гана бутага алынганын белгилеп жатат.

"Орусиянын аба-космостук күчтөрүнүн жогорку тактыктагы ракеталары менен бир сутканын ичинде төрт башкаруу пункту, украин аскерлери жана техникалары топтолгон 34 район, Новгород-Северский аймагындагы эки ок-дары кампасы талкаланды", - деди бейшембиде Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков.

Харьковдо айыл-кыштактар бошотулууда

Харьковдун Салтовка конушу, 10-май 2022-жыл.

Түндүк-чыгыш тараптагы Харьков аймагында украин армиясы орус күчтөрүн Орусиянын чек арасына чейин сүрүп чыгарууга аракет кылып жатат. Бир күн мурда украин тарап чек арадан 40 чакырым гана алыстыктагы Харьков шаарынын түндүгүндө Питомник аттуу дагы бир кыштакты бошотту. Алар апта башында да бул аймактагы бир нече айыл-кыштакка кайра көзөмөлүн орноткон болчу.

Британиянын Коргоо министрлиги Орусиянын армиясы Харьковдон чегинүү менен "Украинанын ири шаарларын басым алууга чама-чаркы жетпей турганын мойнуна алып жатканын" билдирди. Министрликтин бейшембидеги маалыматына ылайык, Орусия күчүнүн көбүн Донбасс аймагына жумшаганы үчүн анын Харьковдогу позициясы алсырады. Москва Харьковдогу артка чегинүү тууралуу маалымат бере элек.

Украин президенти Владимир Зеленский француз студенттеринин суроолоруна жооп берип жатып, Киев оккупацияланган аймактардын баарын бошотууну көздөй турганын айтты.

"Украинанын эли үчүн согуш биз өзүбүзгө таандык нерселерди кайтарып алганда гана токтойт. Бизге андан ашыктын кереги жок. Өзүбүздүкү гана керек. Биз өз мамлекетибизде, өз жерибизде тынчтыкты кайра орнотууну көздөйбүз", - Зеленский.

НАТОнун катары калыңдайбы?

Финляндиянын аскерлери, 25-октябрь 2018-жыл.

Ал арада Украинадагы согуш Орусиянын түндүк-батышындагы коңшусу Финляндиянын НАТОго кошулуу аракетин тездетти. 12-майда Финляндиянын президенти Саули Ниинистё жана премьер-министри Санна Марин өлкөнүн Түндүк атлантикалык аскердик альянска мүчө болушун колдошту.

Алардын билдирүүсүндө блокко кошулуу Финляндиянын коопсуздугун бекемдөөгө жардам бере турганы белгиленди. Парламент бул демилгени колдосо, уюмга мүчө өлкөлөр жаңы мүчөнү кабыл алса, аскердик альянс менен Орусиянын чек арасы 1325 километрге кеңеймекчи.

Маалыматка караганда, Хельсинки бул чечимин жекшемби күнү расмий жарыялап, арызын жакынкы күндөрдө тапшырганы жатат. Апта аягында Финляндиянын коңшусу Швеция да буга окшош чечимин жарыялайт деп күтүлүүдө.

НАТОнун Украина сыяктуу Европанын чыгышындагы өлкөлөргө кеңейишине каршылык билдирген Москва эгер Финляндия менен Швеция бул уюмга кошулса, анын кесепети болоорун эскерткен. Бирок Кремл кандай чара көрүшү мүмкүндүгүн тактаган эмес.

Дагы караңыз Орусиянын беш облусундагы дрон чабуулу: Бутага мунай базалар алынды


Фин президенти Ниинистё 11-майда Финляндиянын НАТОго мүчө болушу Орусияга эч кандай коркунуч жаратпай турганын, Москва Хельсинкини мындай кадамга өзү түрткөнүн түшүнүүгө тийиш экенин белгилеген.

"Өлкө бир дагы блокко кошулбайт деп өзү тандаган, бирок Орусиянын "Финляндия альянска кире албайт" деген билдирүүсү ойлондурбай койбойт. Украинадагы окуялар Москва кошунасына кол салуудан да кайтпай турганын даана көргөздү", - деп кошумчалады саясатчы.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Финляндия бейтарап макамын сактап келген. Муну менен бирге 1994-жылдан бери НАТО менен кызматташчу жана Ооганстандагы миссияга катышкан.

Финляндия аскердик уюмга качан кабыл алынары азырынча белгисиз. Түндүк альянстын расмий өкүлдөрү Хельсинки жана Стокгольмдун арыздары 28-29-июнда Мадриддеги саммитте талкууланышы мүмкүн экенин туюндурушкан.

Андан кийин 30 мүчө мамлекеттин улуттук парламенттери маселени колго салууга тийиш. Кабыл алуу жараяны бир жылга чейин созулушу ыктымал.