Каныбек Осмоналиев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга төрага болду

Каныбек Осмоналиев.

Президент Садыр Жапаровдун 10-майдагы жарлыгына ылайык, Каныбек Осмоналиев президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен комиссиянын мурдагы төррагасы Сыртбай Мусаев ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

Жаңы төраганы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук комиссиянын жамаатына 12-майда тааныштырды.

Мамлекеттик тил комиссиясы былтыр мамлекет башчы Садыр Жапаровдун буйругу менен президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия болуп түзүлгөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Украин аскерлери орус армиясын Харьковдон сүрүп чыгаруудаМас абалда чек арадан мыйзамсыз өткөн кыргызстандыктар кармалдыМинистрлик мугалимдин көбөйтүлгөн айлыгы туруктуу сакталарын билдирдиФинляндиянын президенти жана премьери НАТОго мүчөлүктү колдоштуЧек ара кызматы кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу экенин билдирдиТөрт айда 1,2 миллиард сом пландан ашык салык чогултулдуКашкарды бийлеген туңгуч кыргыз генералыДача СУдагы кырсыкты иликтей турган коомдук комиссия ишин баштадыКазакстан Түркиянын пилотсуз учактарын чыгарат