Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:54

Украин аскерлери орус армиясын Харьковдон сүрүп чыгарууда


Харьков облусундагы украин аскерлери. 9-май 2022-жыл
Харьков облусундагы украин аскерлери. 9-май 2022-жыл

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Харьковдун түндүгүндөгү Питомник айылын кайтарып алышканын билдирди.

Британиянын Коргоо министрлиги жарыялаган бюллетенде "орус аскерлеринин Харьков аймагынан чегиниши алардын Украинанын ири шаарларын алууга жөндөмсүз экенин тактикалык жактан таануу болуп эсептелет. Орусия ал жактардагы калктын мындай туруштук берүүсүн күткөн эмес” деп жазылган.

Британиянын министрлиги украин армиясы орус күчтөрүнүн Кара деңиздеги Змеиный аралындагы абадан коргонуу системасын жана камсыздоочу кемелерди бутага алганын, муну менен Москванын жээктеги ири тилкеге көзөмөлдү кеңейтүү ишин үзгүлтүккө учуратууга аракет көрүлгөнүн кошумчалады.

Украин бийлиги Запорожье аймагы 11-майда аткылоого туш болгонун билдирди. Орус аскерлери аткан бир ракета инфраструктура объектисин талкалаганы маалымдалды. Бирок жабыркагандар тууралуу айтылган жок. Шаарда Мариуполдон качууга аргасыз болгон карапайым элдин көбү башкалкалап жатат.

Украин аскерлери Одессаны бутага алган канаттуу ракета да атып түшүрүлгөнүн билдиришти.

Ал арада “Азовсталдагы” украин аскерлери орус күчтөрү чабуулун уланытп жатканын маалымдашты.

XS
SM
MD
LG