Дача СУдагы кырсыкты иликтей турган коомдук комиссия ишин баштады

Комиссия отуруму.

Дача СУдагы учак кырсыгына байланыштуу коомдук комиссия биринчи отурумун өткөрдү. Комиссия алты ай иштеп, учактагы жүктүн чоо-жайын жана элден чогулган акчанын бөлүштүрүлүшүн иликтей турган болду.

10-майда президент Садыр Жапаров беш жыл мурунку Дача СУдагы учак кырсыгына байланыштуу коомдук комиссия түзүлгөнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Комиссияга мурдагы инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов төрагалык кылууда. Курамында укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова, журналист Дилбар Алимова, "Эйр Манас" авиакомпаниясынын өкүлү Бекзат Алимов, “Ачык маалымат фондунан” Элнура Алканова, жарандык активист Мавлян Аскарбеков, экс-премьер-министр Кубатбек Боронов, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова, "Стоп Беспредел" маалымат сайтынын башкы редактору Кайрат Кенжебай уулу, адвокат, милициянын отставкадагы полковниги Кубанычбек Култаев, жарандык активист Тимур Махмудов, укук коргоочу Динара Ошурахунова, иликтөөчү журналист Али Токтакунов, укук коргоочу Нурбек Токтакунов, журналист Адил Турдукулов, экс-депутат Бактыбек Турусбеков, укук коргоочу Эркингүл Убышева, жарандык активист Самсаалы Четимбаевдер бар.

2017-жылдын 16-январында Бишкектин четиндеги "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушунда Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза болгон.

Бул кырсыкка байланыштуу кылмыш иш козголуп, кийинчерээк токтотулган. 2021-жылдын декабрь айында президенттин аппараты Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Дача СУ жана башка кылмыш иштери боюнча иликтөө уланып жатканын жана алардын жыйынтыгы жакында коомчулукка белгилүү болорун кабарлаган.(MTa)

Дагы караңыз

Борбор Азиядагы Баш мыйзам өзгөртүү адатыЭлчи: Вашингтон Тажикстанга пилотсуз учактарды берет 13-майдын аба ырайыБотаникалык бактын жерин берүүгө тыюу салган токтом кабыл алынды