Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:00

13-майдын аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

13-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жаан, бийик тоолордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 22…27;

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 21…26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 3…9, күндүз 15…21;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7 градус.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт . Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 23…25 градус болот.

XS
SM
MD
LG