Орусияда беш аймактын губернатору кызматтан кетти

Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин беш аймактын губернаторлору кызматтан кеткенин жарыялашкандан кийин бир нече саат өтпөй, ордуна жаңыларын дайындады.

Кремл 11-майда билдиргендей, Путин Киров, Рязан, Саратов, Томск облустарынын жана Марий Эл республикасынын башчыларынын милдетин аткарууга тандалган адамдар менен жолукту.

Путин адатта шайлоо алдында аймак жетекчилерин такай алмаштырып келген. Анын бул жолку кадамын Путин орус армиясынын Украинада жеңишке жете албаганына нааразы болгону менен байланыштырып жатышат.

Дайындалгандардын баары Путиндин ашынган тарапташтары катары белгилүү.

10-майда АКШнын чалгын кызматы Путин Украинада узакка созулчу жаңжалга даярданып жаткан болушу мүмкүн деген боолгосу менен бөлүшкөн.

Дагы караңыз

Бишкекте башаламан сооданы тыюу үчүн рейд жүрүүдөСултанбаев депутаттарды коңшулар тууралуу сын айтууда этият болууга чакырды Ташкент бийлиги эркектердин узун сакалын мажбурлап алдырууда