Бишкекте шамалдан сынган бак автоунааны басып калды

Иллюстрация.

Борбор калаанын Курманжан датка жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде бак кулап, алдында токтоп турган автоунааны басып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, машинеде киши болгон эмес, жабыркагандар жок.

ӨКМ 10-майда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болору тууралуу шашылыш кабар тараткан.

29-мартта Чүйдө Ысык-Көлдөн семинардан келе жаткан Бишкек жана Ош шаарынын депутаттары отурган кичиавтобуска катуу шамалдан сынган бак кулаган. Эч ким жабыркаган эмес.

Былтыр күзүндө Таласта катуу шамалдан эки терек кулап, бир адам каза болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Бербок: бейкүнөө курман болгондор үчүн адилеттүүлүктү орнотуу зарыл Коррупцияга шектүү Ширшовдун үй камагына чыгышы сынга кабылдыОрусияда Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларда кеминде 125 киши кармалдыЕBRD: украин экономикасы быйыл 30% төмөндөйтБишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болдуСарногоевдин 90 жылдыгына арналган айтыштын тандоо туру өттүМинистр ЖОЖ ректорлорун дайындоону сунуштады "Күйөөм алган аялдарынын баарын кордоду"