Министр ЖОЖ ректорлорун дайындоону сунуштады

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет. Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги парламентке Жогорку окуу жайларынын ректорлорун шайлоо эмес, дайындоону сунуштаган мыйзам долбоорун жолдоду.

Бул тууралуу министр Алмазбек Бейшеналиев 10-майда парламенттин социалдык саясат комитетинди билдирди. Анын айтуусунда, жаңы мыйзам долбооруна ылайык, "улуттук" макамы бар төрт окуу жайдын ректорлорун президент дайындайт, калган 29 мамлекеттик окуу жайдын жетекчиси Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дайындалат.

Министр Бейшеналиев окуу жайларда билим берүү жараянына караганда, саясий жараяндар көп болуп жатканын белгилеп, жетекчилердин дайындалышы шайлоого караганда оң натыйжа берерин кошумчалады.

Ошондой эле мыйзам кабыл алынган күндө да ректорлор кызматтан бошотулбасын, алар шайланган мөөнөтүнүн аягына чейин иштей турганын билдирди.

Депутаттардын арасында ректорлорду дайындоо Жогорку Кеңеш аркылуу жүргүзүлсүн деген пикир айткандар да болду.

Учурда "улуттук" макамга Жусуп Баласагын атындагы университет, Скрябин атындагы айыл чарба университети, Молдобасанов атындагы консерватория жана Садыков атындагы көркөм академия ээ. (ZKo)

Дагы караңыз

"Күйөөм алган аялдарынын баарын кордоду"Украинада согуштан жабыркаган карапайым тургундар 7 миңден аштыКазакстанга жиберилген аскерлердин маянасы жакын арада төлөнөрү айтылдыПрезидент санарип валютаны киргизүү маселеси каралып жатканын билдирди“Илимдеги кыздар”: 200 окуучу кыз тестирлөөгө даярдыктан өттүОрус аскерлери Мариуполдогу "Азовсталь" заводуна чабуулду күчөттүУкраинадагы согушту көргөн Дайырбек