11-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт, бийик тоолордо кар жаайт, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 18…22;
Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 19…24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 14…19, күндүз 22…27;
Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 6…12, күндүз 17…22;
Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15 градус.
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 20…22 градус болот.
Дагы караңыз
Украинадагы согушту көргөн Дайырбек Бет-жаак оорулары: кенебестиктин кесепетиМинистр ЖК депутаты жардамчысын директор кылып дайындоону суранганын билдирдиАксы: дыйкандын мээнетин чегиртке мойсоду