Бүгүн, 10-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд. 424 млн. метр кубга жетти.
“Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүнкү күнү суу сактагычка секундасына 1 миң 313 метр куб суу агып кирүүдө. Ошол эле учурда суу чөйчөктөн секундасына 245 метр куб суу агып чыгууда.
Өлкөнүн башкы энергетикалык булагы болгон Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыр кышка карай кескин төмөндөп, 8,5 млрд. метр кубга чейин түшкөн.
Мындан улам Кыргызстан соңку жылдардагы ири энергетикалык кризиске дуушар болуп, “Түндүк электр” ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген. (ZKo)
Дагы караңыз
Январь окуясында Казакстанга жиберилген аскерлер президентке кайрылдыБишкекте кафеде сабалган индиялык жаран боюнча тергөө жүрүүдөКыргыз-казак чек арасындагы көмүскө схемаларКызгалдак талаасындагы окуянын чоо-жайы териштирилип жатат ЖАМК абактагы козголоң тууралуу кабарды четке кактыАКШ Украинадан болот импорттоого салынуучу салыкты убактылуу токтотту УКМК Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалганын билдирдиМакрон Украинаны Евробиримдикке кабыл алуу көпкө созулушу мүмкүн экенин айттыЭлчилик Тажикстандын абактарындагы кыргыз жарандарынан кабар алды