Ош шаарында инклюзивдик фестиваль өтүүдө

Фестиваль Алымбек датка аянтында өтүүдө.

Бүгүн, 7-майда Ош шаарындагы Алымбек датка аянтында "Inclusive KG - Бирдей" коому уюштурган майыптыгы бар адамдарды коомго аралаштырууга багытталган фестиваль өтүүдө.

Иш-чарага майыптыгы бар балалуу ата-энелер катышып, бий, ыр конкурстары, сүрөт тартуу, илимий тажрыйбаларга байланыштуу мастер класстар акысыз уюштурулган.

Фестивалды ЮНИСЕФ, БУУ - Аялдар, Ош шаардык мэриясы, "Элим барсыңбы" кайрымдуулук фонду баштаган бир нече уюм колдоого алган.

Кыргызстанда 30 миңден ашык 18 жашка чыга элек балдардын майыптыгы бар. Алардын жалпы билим алуусу үчүн инклюзиялык шарттар түзүлгөн эмес.

"Inclusive KG - Бирдей" коому буга чейин 2021-жылы Бишкекте ушундай фестиваль уюштурган эле.

Аталган коом майыптыгы бар балдардын ата-энелери тарабынан түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири - Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарреттин жубайы Вероник Гаррет, "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчилиги жана ишкер Эмил Үмөталиев. (BCh)

Дагы караңыз

"Бала бакча же медресе?". Ноокендеги жер чатагыИИМ Орусия-Украина согушуна байланыштуу символдорду бөгөттөйтЖаманкулов: Ала-Арча паркынын статусу өзгөрбөйтАлматыда камактагы жарандык активист Мамайдын тарапташтары кармалды"Күндөн энергия алуу ГЭСтеги сууну үнөмдөйт"