Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:06

ИИМ Орусия-Украина согушуна байланыштуу символдорду бөгөттөйт


2020-жылдагы 9-майды майрамдоо учуру.
2020-жылдагы 9-майды майрамдоо учуру.

Ички иштер министрлиги Жеңиш күнүнө карата улут аралык кастыкты козутууга бөгөт коюу жана мамлекет кызыкчылыгына шек келтирүүнү алдын алуу үчүн Орусия менен Украинанын кагылышына байланыштуу сүрөттөрдү, эмблемаларды жана атрибуттарды жайылтпоого чакырат.

Министрликтин басма сөз борборунун жетекчиси Тилек Оторов "Азаттыкка" чагымчылдыкка жол бербөө үчүн түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтты.

“Ички иштер органдарынын өздүк курамы 10-майга чейин күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул мезгилде Коомдук тартипти, коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү чаралар иштелип чыккан. Аскердик формаларды сатуу же ижарага берүү менен алектенген дүкөндөрдүн ээлери, сатуучулары, мындан сырткары 9-майда ɵткɵрүлүүчү «Өлбөс полк-Кыргызстан» жөө жүрүшүнүн уюштуруучулары менен алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө”.

Бишкек мэриясы билдиргендей, 9-майда түштө майрамдык концерт, Жеңиш аянтында түрдүү иш-чаралар болот. Ушул эле күнү салтка айланган “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулат.

Коргоо министрлиги быйыл Ала-Тоо аянтында аскердик парад болбой турганын билдирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG